Скачать книгу

мугалимдери да эки жолу ашканада тамактанышат) биз үчүн оңойго келбейт. Ат менен райцентрге түшүп нан ташыган, велосипедде базардан жамгыр шатырап жааганда пияз алып келген күндөрүбүз болгон. Өкмөтүбүзгө дайыма карап, өзүбүз камырабай жатканыбызда, балдарыбызды кээ бири күндөрү тамак жагынан кыйнап койбойт белек – техника сынып же, эгерде кайсы бир себептерден бензин түгөнүп продуктулар убагында лицейге жеткирилбей калган болсо. Кудая шүгүр, буга чейин биздин балдарыбыз бир күн да жылуу ашканабызда нан тамаксыз калган жок. Азыр нан жабуучу электроагрегатыбыз, «тандырыбыз» да бар. Аны биздин шефповарыбыз Насиба Усманова жана анын жардамчысы Буниса Матмуратова эң мыкты иштете алышат – нан, боорсок, каттаманы жасап. Тамакты бышырганда да, ар-түрдүү Чечме-Сайдын айланасындагы адырларында өскөн адамга пайдалуу, витаминдерге бай өсүмдүктөрдү кошконду билет. Жазында бир аптада жок дегенде бир жолу адырга чыгып кийик отун, ысмалакты, тоо сарымсагын жана башкаларын терип жыйнап келет.

      Айтмакчы, буларга чейин лицейде иштеген ашпозчулар тамакты дайыма бирдей сапаттуу жасай албаганынан, кээ бир ашыкча чыгашааларды, ысырапкордукту кетиргендигинен иштен бошотулган. Күндүгө ашканага лицейдин медсестрасы келип тамактын сапатын, санитардык эрежелерине жооп бергендигин текшерип кетет. Бул жагынан көзөмөл абдан күчтүү, анткени мугалимдер ар-бир окуучунун ден соолугуна жооп беришет. Лицейдин мурдагы директору да, математика боюнча мыкты адис болгонуна карабай билимкананын ишинде кетирген кемчиликтерден кызматынан бошотулганын кыстарып айтып кетким келет.

      Лицейде дили таза, чынчыл, коомдук мүлккө, байлыкка көз арттырбаган, тескерисинче жеке өзүнүкүн балдарга, келечекке бөлүп берүүгө жараган адамдар гана иштөөгө тийиш. Ошондо окуу процесси да, тарбиялоо маселелери да, лицейдин материалдык жактан калыптануусу да алдыга алгылыктуу кадам жасай алат.

      Бул жагынан эске алганда, ушул сыяктуу лицейди өз айылында ачабыз деген адамдар иштин башынан эле абдан кылдат, жоопкерчиликтүү жана так болууга ыктымал. Эгерде чындап эле дүйнөнүн деңгээлиндеги мектепти уюштурууну максат кылышса. Бул тамаша эмес. Биздин психологиябызда калыптанган өзүбүзгө көрүнбөгөнү менен дүйнөлүк бийиктиктен дароо эле оркоюп көзгө урунган эгоисттик, өзүмчүлдүк, ач көздүк, кийинки муунду кодулоо, кемсинтүү жана башка терс, анти-педагогикалык касиеттерибизден, традицияларыбыздан акырын айрылышыбыз абзел. Албетте, пейилди оңдоо деген бир күндүк иш эмес – бул багытта бүгүндөн тартып жан талашып иштебесек эртең өзүбүз жалпы дүйнөлүк көп байлыктардан, жетишкендиктерден куру калабыз.

      Конец ознакомительного фрагмента.

      Текст предоставлен ООО «Литрес».

      Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на Литрес.

      Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне

Скачать книгу