Скачать книгу

мектептер артта калгандын, караңгылыктын, чала сабаттуулуктун символу болгон, мунун жашырыштын кереги барбы. Ошондуктан баардыгыбыз орус мектепте окууга умтулган эмес белек, чабан-колхозчулардын балдары гана кыргыз тилде билим алууга аргасыз болуп, тоолордун курчөсунан чыга алышпай. Ноокат билимкананын кыргыз улуту үчүн мааниси жана баалуулугу мына ушунда. Жарыбаган традицияларыбызды бузгандыгында, жоголгон улуттун намысын кайтарып бергендигинде. Демек, биз дагы эл экенбиз да, мындай балдарды тарбиялоого жараган болсок.

      Кадрлар баардыгын чечет деген атактуу бир саясий ишмер. Ооба, дал ошондой. Бул чындыкка бардык өнүккөн өлкөлөр эчак эле түшүнүшкөн, биздин эл да көп кыйынчылык, азаптарды кечип бул турмуштун зор чындыгына акырындык менен багынууда. Кадр маселеси ошондуктан дайыма эң орчундуу, татаал маселе болгон. Анын туура чечилиши абдан көп мээнетти, көрөгөчтүктү, акылмандыкты талап кылат. Ноокат билимкананын коллективинин тандалышы ушул жагын эске алганда бул өзүнчө турмуш сабагы, башка коллективдерге үлгү катары болуп бере алат. Нечендеген сыноолордон, изденүүлөрдөн, мурдагы иштеген мектептерде орунсунбай, таланты жок пас адамдардан запкы жеп, кыйналып-кысталып, акыры бири-бирин Ноокат билимканасында табышып, ынтымактуу, педагогикага жан-дили менен берилген үй-бүлө болуп калышпадыбы! Эң кыйындары, эң жоопкерчиликтүүлөрү, эң жалындуулары иргелип, адашып келгендери кайра кетип жаралбадыбы бул лицейдин жааматы! Ар-бир мугалимдин тагдыры өзүнчө китеп кылып жазууга, ал турсун ар-бир лицейдин окуучусу да буга татыктуу.

      Саадат Сатарова  республикадагы мугалимдердин конференциясында, Бишкек, 1997 -жыл.

      Лицейдин алгачкы директору Саадат Сатарова, соңку жылдары Кыргыз Республикасынын агартуу системасындагы көрүнүктүү ишмерге айланып калбадыбы.

      Ноокат билимканасы түптөлүп аткан мезгилде өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ал жаш адист болгон, ошого карабастан мыкты педогогиялык уюштурулук таланты менен билим чөйрөсүндө адистердин коомчулугуна көрүнүп калган педагог эле. Аны менен таанышып калган күнүм балким менин эң бир бактылуу күнүм болуп калган чыгаар. Ылайым ушундай адистерибиз жана айымдарыбыз элдин калың катмарында арбындай берсин! Балдарды мыкты тарбиялоо үчүн жаралган инсан, кулк-мүнөзү, рухий дүйнөсү, өң-түсү жагынан абдан жука, назик, чебер калыптанган аялзат… тилибизде мындай адамдарды сүрөттөп берүү үчүн али сөздөр да, түшүнүктөр да жок болушу керек. Балким, ушул лицейде анын колунан тарбия алган акын-жазуучулардын колунан келип калаар мындай иштер. Мен болсо силерге кыскача эле бул биздин outstanding and extremely beautiful and subtle айымыбыз жөнүндө маалымат берип кетейин.

      Саадат Сатарова 1952-жылы Кызыл-Кыя шаарында шахтердун үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. Кызыл-Кыя шаарындагы номер 6-чи кыргыз орто мектебин бүтүрүп, борборубуздун Кыргыз кыз-келиндер пединститутун ийгиликтүү аяктап, англис тили адистигине ээ болду.

Скачать книгу