Скачать книгу

болуп иштейт) математика жана физика боюнча адистештирилген кружокту уюштурушат. Ошол кружок кийинчерээк адистештирилген класска айланып, жетекчилигине мектепте иштеген математик Каныбек Матисаев дайындалган.

      Демек, студенттик жылдардан тартып бул эки бир туугандын максаты бир болгон айылдык таланттуу балдар-кыздар үчүн терең билим берүү системасын куруп беруу, алардын бактына дүйнөлүк стандарттагы мектептерди ошол эле айыл жерде уюштуруу болгон. Ушул эки зирек, арканды үзүн таштаганды билген жигиттерибиздин мээнети, тынбай изденүүсү аркылуу Кыргызстандын алыскы тоолуу айылдарынын биринде таланттуу балдарды, жана ошондой эле таланттуу, адис мектептерде иштей ала турган мугалимдерди, тандал-иргеп, тарбиялап алуу системасы акырындык менен курула баштады десек болот.

      Чындыгында максат абдан оор, түйшүктүү эле, аны иш жузуне ашыруу үчүн көп күч, энергия сарпталышы керек болучу. А бирок мындай энергия бул бир туугандарда жана Чечме-Сай айылынын тургундарында бар болгон экен.

      Баса, бул системаны курушабыз деп, буларга чейин бир нече кыйын педагогдорубуз бар болгон, бүт өмүрүн ошого арнап, өз үй-бүлөсүнө, балдарына колу жетпей дүйнөдөн кайгылуу өтүшкөндөр да жок эмес. Алардын арасында Сокулук районунда иштеген педагог Жунусов Турсунду (өзү Совет районунан болгон) жана Ала-Букада өмүр бою кызмат өтөгөн (өзү Сузакта туулган) Пазылбек Жуманазаровду өзгөчө айтып кетүүгө туура келет. Экөө тең республикабыздын мыкты педогогдорунан болушуп, элет жерде физмат мектепти уюштурабыз деп, бул оор ишке чексиз берилгендигинен эрте кетишпедиби – бири рак оорусунан запкы жеп, бири трибунада депутаттардын алдында доклад окуп жатканда, кыргыз мектебинини учурдагы оор абалы туралуу, жүрөгү жарылып. Бул эки агайды тең Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзүнүн өмүрлүк парзындай көрөт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көңүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок? Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет, системдүү мамиле десек, жаңылышпайбыз.

      Бул эки агайды тен Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзунун өмурлук парзындай көрет окшойт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге, мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көнүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок. Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет десек, жаңылышпайбыз.

      Мындай аракетке элеттик балдар да, аларды тарбиялап өстүрүп жаткан мугалимдер да өзгөчө муктаж экенин биздин

Скачать книгу