Скачать книгу

жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.

      Өзунун техникалык, илимий, материалдык жардамы, координациялоосу астында ЭЖИАД буткул өлкөбүз боюнча алыскы тоолуу айыл-кыштактарында талантуу балдар үчүн физика жана математика багытында 40 лицей-мектептерди ачууну долбоорлоп жатат. Бүгүңкү кундө өлкөбүздө ондогон мындай лицей-мектептер негизделип жатат десек жаңылышпаган болобуз.

      Биринчи натыйжалар эле эң жакшы, ал турсун таң каларлуу дегенге арзыйт. Бул лицейлердин жанданышы менен коомчулугубузда таптакыр жаңыча, мурда болбогон психологиялык ситуация пайда болууда. Элеттик жергебиз ушунчалык келечектеги потенциалдуу ломоносов, пушкин, ахунбаев, табышалиев, юдахин, айтматовдорго бай экенине, лицейдин алгачкы түшүмүнөн, жетишкендиктеринен байкап, көзүбүз ачылып жатпайбы! Аларды бириктирип, интенсивдүү окутууга ылайыктуу шарт түзүп берсең эле болду, бири бири менен эрегишип, абдан тез өсүп, жетилип чыгышат экен.

      Ноокат районундагы Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу мектеп-лицей ушул типтеги мектептердин эң алгачкысы. 1993-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгарышкан. 18 улан жана кыз. Алардын баары, бири калбай, өз күчү менен өлкөбүздүн жогорку окуу жайларына өтүшүп, бүтүшкөн. Айрымдары бир эле кезде 2—3 институт, университеттерге өтүшүп, эң ылайыктуусун тандап терең билим алышууда. Райондук, областтык, республикалык предметтик олимпиадаларга катышканда да дайыма жеңүүчүлөрден болушат. Математикадан болобу, физикаданбы, географияданбы, англис тилиненби – айтор, бардык предметтерден күчтүү болуп чыгышат. Өткөн экинчи выпуск бут баары жылдагы бүтүрүүчүлөр да республикабыздын жогорку окуу жайларында окуп жатышат.

      Англис тилинде лицеисттердин басымдуу көпчүлүгү – 8-класстан тартып 11 класска чейин – кадимкидей эркин сүйлөшө алышат, айрым окуучулар бул тилде ыр, аңгеме жазууга да аракеттенишет. Ал эми өз эне тилинде билимкананын бардык балдар-кыздары ыр жазышат. Жазгандарын бири бирине окуп, окуткан эжеке-агайларына, экологияга, дүйнөгө, илимге, ата-энеге арналган берметтей таза, тунук ойлорун, аруу сезимдерин эмитен эле кадимки профессионал акындарыбыздан калышпай чагылдырып бере алышат.

      Лицейдин директору Саадат Сатарованын айтканына караганда билимкананын негизги максаты, элине, мекенине мыкты кызмат кыла алган инсандарды жаратуу, азыркы замандын оор, татаал проблемаларын түшүнгөн, аларды чечүүгө жөндөмдүү, өмүр бою далалаттанган, билимдүү атуулдарды тарбиялоо. Бул бийик максатарды көздөп лицейде тереңдетилген программа боюнча математика, физика, англис тили сабактары өткөрүлөт.

      1995—жыл. Бишкек. Ноокат Билимкананы колдоочулары: (солдон оңго) китептин автору Замирбек Өсөров, журналист Назаркул Жоошбаев, ишкер Абдисалим Чылымов, агартуучу Омурзак Мамаюсупов,

Скачать книгу