Скачать книгу

баткан айылды да, адамдарды да билимдин күчү менен эң бир сонун жаркыраган жашоого алып келүү мүмкүн экенин түшүнөт.

      Камилла Шаршекеева,

      Кыргызстан агартуу системасынын экс-министири, АУЦАнун негиздөөчүсү.

      Алысты көрө билген адамдар тууралуу баяндама

      Бул китеп эки бөлүмдөн турат. Биринчисинде кыргыз мектебинин жаңы модели тууралуу автор баян кылып, анын маанисин талдап, экинчи бөлүктө дүйнөлүк деңгээлдеги агартуу система биздин жашообузду кантип өзгөртө ала турганын «Галлей кометасы» атындагы илимий-фанттастикалык эмгекте оюн чагылдырат. Негизи бул китептин жарымы Кыргызстандын агартуу системасынын жылдыздарына арналып, аягы асмандан түшкөн жылдыздын аныктамасы, алыскы келечектин батасы менен бүтөт. Бул китептин өзгөчө баалуугу мына ушунда. Автор алысты көрө билген адамдардан болуп, Кыргызстандын мыкты мектебин жараткандар менен биргеликте, Жер жүзүндө кылымда бир жолу келип кеткен Галлей кометасы, Жылдыздардын канышасы коштоосу менен бул жашоонун эң татаал маселелерине жоопту берүүгө аракет кылды.

      Бегалы Тагаев,

      философиялык илимдердин доктору, КМУУнун профессору.

      Аалам менен сырдашууга,

      кыргыздын мыкты мектебине арналган китеп

      Планеталар аралык байланыш… Аалам менен Аламдын байланышы… Улуу Жараткан менен Адамдын байланышы…

      Глобалдык теманын үстүнөн иштөөгө аракет жасаган белгилүү жазуучу Замирбек Өсөрөвдун чыгармачылыгы мектеп окуучуларынын комета менен бирдиктүү иш-аракеттерин 1995-жылдары сүрөттөөсү бүгүнкү күнү фантазия эмес экендигин белгилегим келет. Конкреттүү айтканда: өзүмдүн – Бегалиева Өмүрбүбүнүн Улуу Жараткан, Эр Манас жана планеталар менен байланышуусунун далилдүү фактылары.

      Алар: 1) тилдин кыя кесилиши аркылуу Улуу Жараткан жана Манас Дүйнөсүнөн редакцияланып, дайын түрдө жиберилип жаткан жазуулары, ырлары; 2) Планеталар жана жылдыздар менен кыймыл-аракеттер аркылуу, тил аркылуу көрүнөө ачык түрдө баарлашуу.

      Чындыгында көз көрүнөө Планеталар жана жылдыздар менен байланышуу жүрүп жаткан доордо жашап жаткан мезгилдебиз. Андыктан, жазуучу Замир Өсөров менен Ноокат райондук планетардык мектептин окутуучулар жамаатына, келечектүү мектеп окуучуларына планетардык масштабдагы ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз.

      Өмүрбүбү Бегалиева,

      философ, акын, манасчы, дизайнер, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

      Замирбектин китебине болгон ой толгоолор

      Жазуучу, акын, журналист Замирбек Өсөров чыгармачылык жолунда уламдан улам күчтөнгөн кеңири кыялдагы позитивдүү көз караш изин таап келет.

      Жаратмандын жараткан чыгармалары окулуш ыраатына келгенде атайын даярдык менен барууга туурадай (?) … Бир караганда табышмактуудай сезилген көрүнүштөр көрөңгөсү бар адамдарга даана көрүнө баштайт.

Скачать книгу