Скачать книгу

окуучусу Талант англис тилинде «My future home» (Менин келечектеги үйүм) деген темага даярданып жатып, компьютерде ошол келечектеги ажайып үй-жайын бир нече бөлмөлөрү, короосу, багы, гаражы, бассейни менен чийип баарын эсептеп, сүрөткө түшүрүп, бул объектилердин майда-чүйдө нерселери чейин чет тилинде абдан кооз аңгеме-дүкөн, келечектин планын түзүп берген болот. Ушинтип, англис тили сабагында информатика, эстетика, архитектуранын, дизайндын, фантастиканын элементтери пайдаланат.

      Бардык предметтерди окутууда психологиялык даярданууга өзгөчө көңүл бурулат. Экзаменге киргендин алдында эмне кылуу керек, жоопту айтып берүү эрежелери, эгерде контролдуу сабакты жасай албасаң эмне кылыш керек, эгерде кокус кулаган болсоң экзаменден, кандай бул кризистен чыгуу болот жана башкалар.

      Бардык сабактардан экологиялык, жаратылышты коргоо проблемалар кеңири чагылдырылат. Маселен, Тосойдо болгон трагедия ар-түрдү аспектинде лицеисттер аркылуу «изилденип»: «Эмнеге көчкүлөр пайда болот?», «Кандай физикалык процессер мындай апаатка күнөлүү?», «Бул трагедияда адамзаттын кандай күнөсү бар?», «Аны болтурбоого болот беле?» – ушул сыяктуу суроолор жана ага табылган жооптор аркылуу экологиялык трагедия абдан терең, ийне-жибине чейин изилденет.

      Кыргызстандагы болуп жаткан бардык чоң окуялар, программалар, долбоорлоор англис, кыргыз, орус тилинде талкууланат. Балдар менен эркин сүйлөшүп калганыңда, ар-кимдин өзүнчө темасы, жүрөгүн өйүткөн мотиви, глобалдуу маселеси бар экенин байкоого болот. Маселен, Акыл Кыргызстандын бүгүңкү күндөгү эң бир орчундуу болгон маселеси катары Бишкек менен Оштун ортосунда темир жолунун курулушун эсептесе, бул проект боюнча атайын рефератты жазып бүтүргөн, кадимки экономикалык-социалдык далилдерди, эсептерди келтирип, даги бир лицейист, Кыял, элеттик аялдардын турмушун кантип жеңилдетсе болот деген ойго азыртадан эле терең чөмүлүп, конкретүү кадамдарды, иш-планын түзүп берген болсо, дагы бирөө туулган айылын, Чечме-Сайдын келечегин ойлоп, Карагой жайыттарын, токойлорунун көркүн, сулуулугун сактоо жөнүндө долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.

      Биздин көз алдыбызда ушинтип келечектин мууну калыптанууда десе болот. Эч кандай оор маселеден жалтанбаган, эч нерседен коркпогон, соңку мезгилде калыптанып калган улутубуздун өксүк комлекстеринен – биз кичи элбиз, алыбыз чектелүү, кыргыз тил жана өлкө чабал, акырын жургөн болсок эле жакшы, арабызда тоң мээ, акмактар көп, ошондуктан мурдагыдай эле жашаганыбыз оң, эч нерсеге умтулбай жана башка ушул сыяктуу арам ойлордон таптакыр бош, эркин ойдуу жүгүртүүнү билген 21-кылымдын накта балдар-кыздары десе болот.

      Бул балдар бүгүн эле дүйнө-жүзүндөгү эң мыкты мектеп, лицейлердин окуучулары менен атандаша алышар, эртең алар үчүн бүткүл дүйнө өзүнүн мекениндей болуп, каерде болушпасын, баардыгын жеңишип биздин түшүбүзгө кирбеген, көзүбүз көрбөгөн, кулагыбыз укпаган йигиликтерге жетерине, кыргыз элинин даңкын, сыймыгын, туусун ааламдык масштабка көтөрө алаарына биз

Скачать книгу