Скачать книгу

институтту Маккамбай Мамаюсупов менен 1978-жылы бирге бүтүргөн. Мукушалынын атасы да Кыргызстандын агартуу системасында эмгеги сиңген жогорку педагогикалык наамга жеткен мыкты математик болгон. Лицейге Мукушалы Кайнар-Булак орто мектебинен чакырылат. Ал мектепте Мукушалы математикалык адистештирилген класста тереңдетилген программанын негизинде иштеп бир топ такшалып калганда Маккамбайдын суроосу боюнча лицейге которулат. Мукушалы Саадат эженин лицейдеги оң колу болгон, ансыз директор бир кадам да жасай албаганын ачык эле айтат. Себеби Мукушалы Мамарасулов мыкты адис гана эмес, жакшы адам, анын мүнөзүндө, ата-бабаларынан калган таалим-тарбиясында, генинде, каныныда көптөгөн сонун улуттук касиеттери чогултулган. Абдан жөнөкөй, адамгерчиликтуу, ар-бир аткарган жумушуна өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылган педагог, адис. Билимкана материалдык жана уюштуруулук жагынан толукталып бутуна туруп жаткан кезде, негизги педагогикалык жумуштардан тышкары ар-түрд үү чарбалык, курулуштук майда-чүйдө иштер кыстаганда, мындай адамдардын коллективде бар болгону өзгөчө маанилуу эмеспи.

      Лицей математика, физика багытында тереңдетилген программа менен иштейт. Жаңы окуучуларды кабыл алгандан мурда атайын уюштурулган экзамен, сыноолор өтүшөт. Бир оорунга 20—30 балдар талашып, мындай жогорку конкурстун натыйжасында райондун эң мыкты окуган балдар-кыздары гана лицейге өтүшөт. Бул класстардын негизги максаты – райондук, областтык, республикалык «күч сыноолорго», олимпиадаларга, эффективдүү даярдануу, аерде сөссүз түрдө жеңүүчүлөрдөн болууга аракеттенүү, предметтерден терең билим алууга умтулуу.

      «Өзүмдүн мектебимде жалаң „бешке“ окуганмын, – дейт лицейдин подкурсунун окуучусу Гулнара Кабылова. – А биерге келип билимимдин чабалдыгын түшүндүм, компьютерде алгач жолу ушуерде иштеп, англис тилин чындап окуп…»

      Ооба, жөнөкөй мектептин отличниктери, мыктыгерлери, лицейге келери менен арттагыларга кошулуп калышат, араң үч деген баага окушуп. Кийин гана, эгерде баланын аракети күчтүү болсо, алдыга акырын жылат.

      Информатика сабагынан Кошмурзаев Исмаил башкарат. ОМПИ-ни 1989-жылы бутүргөн. Студенттик кезинде Бүткүлсоюздук математикадан олимпиадага катышып женүүчүлөрдөн болгон. Райондук Финасылар бөлүмүндө компьютерлерди тейлеп иштеген. Бул адисти да Маккамбай Мамаюсупов издеп, таап лицейге алып келген, Чечме-Сай айылынан турак-жай менен камсыз кылып, анткени Исмаил бул жерлик эмес коңшу номер 44 конезаводтун аймагынан болот. Мугалимдер аны «биздин волонтер» деп тамашалап коюшат. Информатика жана математика сабагын үстүртөн караганда кургак, кызыксыз окуганы менен, анын ар-бир сөзү математикага шыгы бар балдар үчүн алтындай кымбат. Себеби, бул момун, көп сүйлөбөгөн, шашпай баскан арыкчырай меланхолик жигит тубаса математик болуп жаралган десек жаңылышпайбыз. Анын мүнөзү, баскан-жүргөнү да муну далилдегендей – каерде болбосун чексиз математика, информатика дүйносүнө ою менен чөмүлүп, ошоерде жашап

Скачать книгу