Скачать книгу

гана келечеги кең болот эмеспи.

      Саадат Саттарова ушул туралуу өзү педагог катары эң мыкты билет. Педагог кесибин тандаганы да ушул себептеп.

      – Мугалим, педагог, – дейт Саадат Сатарова, – балдардын бактылуу келечегин ачып берүүчү адам. Анын жогорку максаты жана миссиясы мына ушунда. А бирок класстагы ар бир бала жаратылышынан бири бирине окшобогон болгондуктан, ошол окуучуга индивидуалдуу подход, мамиле, ачкыч табылганда гана анын жолу ачыла баштайт, педагогдун таланты да мына ушундайда билинет, байкалат. Аны үчүн педогог менен баланын ортосунда эч кандай дубал болбоого тийиш. Кызматташтык педагогиканын негизги аксиомасы ушул эмеспи. Албетте, педагог окуткан баланын үй-бүлөлүк абалын жакшы билиш керек, ошондой эле эң негизгиси өзүнүн билим деңгээли, кругозору абдан кенен болушу керек. Антпесең азыркы заманда окуучулар да, алардын ата-энелери да сени педагог катары сыйлабай коюшат. Кыскасы, мугалим окучууга канчалык жогорку талап койгон болсо, ошол деңгээлде өзү да тынымсыз үйрөнүүгө, окууга, чеберчилигин өркүндөтүүгө мажбур болот. Балдардын билимин өстүрүүдө эң негизги нерсе – аларга тынымсыз билим берүү процесси, ошого алардын табиятын, кулк-мүнөзүн, ички жана сырткы чөйрөсүн көнүктүрүү болот. Ар күнү алдыга жылуу, кайсы бир жаңы нерсени системдүү түрдө үйрөнүү, өткөндөгү үйрөнгөндү кайталап элесинде бекемдөө, цементоо, аны керек болгон учурда пайдаланууну билүү – билимдүүлүккө алып баруучу жалгыз жол ушул. Лицейде конкуренция, бири-бири менен тирешүү духу өтө күчтүү болгондуктан, мугалимдин иши башка мектептерге салыштырганда оңоюраак көрүнөт. Биердеги балдарга бир жолу айтсаң эле болду, ал турсун берген темаң боюнча өзүлөрү түнү менен иштеп чыгып, сен билбеген нерселерди чукуп таап келишет.

      А бирок кандай болгондо да, педагог балдардын ата-энелери менен да тыгыз байлангышта иштеш керек. Ошондо натыйжа жакшы болот, эки тарап тең катуу аракет жасаган болсо.

      – Педагогика жаатында, – дейт Саадат Саттарова, – өзүмдүн кеңешчим катары ошол Кызыл-Кыядагы интернатта бирге иштеген педагог, Кыргызстандын элге билим берүү, агартуу системасынын отличниги Альберт Вартанович Сагамоновду тааныймын. Бул армян улутундагы агайым зор инсан, өзүнүн кесибине чексиз берилген педагог болгон. Ушул адамдын мугалимдик тажрыйбасы, таланты, инсандык образы аркылуу мага Сухомлинскийдин тарбиялоо методу ачылган десем туура болот.

      1988-жылы методист-мугалим Саадат Саттарова Бүткүлчоюздук мугалимдердин съездине делегат болуп, Кызыл-Кыядагы 700 ашуун педагогдордун арасынан шайланат.

      Андан соң Ноокат районунун Чечме-Сай айылына үй-бүлөлук шарттарга байланыштуу (жолдошу Абдрахман Матмуратов ушул айылдан болот) көчүп келет. Кызыл-Кыя шаарына салыштырганда бул тоонун этегинде жайгашкан айыл асман менен жердей айырмаланып турган болушу керек шаарда өсүп тарбияланган Саадат эже үчүн. А бирок чыныгы профессионал жана адис бардык жерде профессионал бойдон калат

Скачать книгу