Скачать книгу

чыгарганы, буга чейин акыркы жолу 6-ноябрда 21,7 миллион доллар интервенцияланганы, бир жума мурда 69 сомдон сатылып жаткан доллардын курсу ушу тапта 73 сомго жакындап калганы, доллардын кымбаттоосу токтобой жатканы ЖМКларга жарыяланган.

      «Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы

      Финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн «валюталык башкаруу» режимине ѳтүшүбүз керек»

      Бишкек, 3-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов – Кабар/. «Өлкөбүздөгү бүгүнкү валюталык курсубуздун режими Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп саналгандыктан, биз эгемендикке ээ болгондон бери эле АКШ долларына көз каранды болуп келе жатабыз. Мындай көз карандылыктан арылуу, экономикалык кризистен чыгып, финансылык системабызды стабилдештирүү үчүн „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек» -деди «Кабар» агенттигине эксперт, экономист Кубан Чороев.

      Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы, Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан, мигранттардын акча которуусунан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процесси мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет.

      «Улуттук банктын „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүүгѳ резервдери жетиштүү. Ноябрь айынын бирине карата Улуттук банктын резерви 1 млрд 897 млн АКШ долларын түзѳт, ал эми Кыргызстандагы акча базабыз, тагыраак айтканда экономикабыздагы болгон сомдун массасы 67 млрд сомдун тегерегин түзѳт. Демек, бүгүнкү күндѳгү курс менен сомдун курсун бекитүүгѳ 900 млн доллардын тегерегиндеги резерв жетиштүү болот. Резервдин калган 1 млрд га жакын АКШ долларын экономикабыздын ѳнүгүүсүнѳ жумшаганга толук мүмкүнчүлүк түзүлѳт» -деди ал.

      Эксперттин пикиринде «Валюталык башкаруу» системасы ѳлкѳдѳ инфляциянын деңгээлинин кескин төмөндөшүн, экономиканын интенсивдүү өсүшүн шарттайт. Кыргызстандын инфляциясы жылына 1—3% дык денгээлде гана болот, анткени доллардын инфляциясы жылына ушул денгээлден ашпайт. Ошондуктан Кыргызстандын жарандары узак мөөнөттүү келечекте көндүм болгон баанын жогорулашынан арылат. Инфляциялык коркунучту төмөндөтүү, девальвация коркунучун жок кылуу жана кыргыздын сомуна ишенимди бекемдөө акча сактоолордун өсүшүнө көмөк көрсөтөт, ал эми алар өз кезегинде экономикалык өсүштүн ылдам темптерин камсыз кылуу менен ички жана чет өлкөлүк инвестициялардын өсүшүн генерациялайт.

      «Бул система 20-кылымдын

Скачать книгу