Скачать книгу

мырза докторлук диссертация жактап, ондогон том материалдарды жазган. Ал киши убагында Америка президенти Рейгандын экономика боюнча башкы консультанты да болуп иштеген. Эң негизгиси, ал киши Кыргызстанга келип, акылы менен жардам бергенге даяр экенин мага электрондук почта аркылуу жазды.

      Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап өтөйүн:

      – Кыргызстан ѳз валюталык резервдерин ѳзү башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;

      – Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб өлкөлөрдүкүндөй түбөлүктүү болот;

      – Кыргызстанда баалардын ѳсүшү жылына 1—3% гана түзүп калат да финансылык стабилдүүлүк орнойт;

      – Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер төмөндөп, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар түзүлөт;

      – Финансалык туруктуулук өлкөдө экономикалык активдүүлүктү, инвестициялардын келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет;

      – Сом Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлѳрдүн арасында эң стабилдүү валютага айланып, кадыр-баркы ѳсѳт;

      – Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен түбѳлүктүү бир курс болуп калат;

      – Валюталык башкаруу системасына өткөндѳн кийин «алтын сом» валютасын киргизүү оңой болуп калат, ал үчүн кийин жакшы кырдаал түзүлгөндө, валюталык резервдеги долларды алтынга алмаштырып, сомду алтынга байлап койсо болот.

      Сөзүмдүн акырында байыркы кытай акылмандарынын айтканын мисал келтиргим келет: «Дарак тиккенге эң жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болчу, ал эми андан кийинки эң жакшы убакыт бүгүн». Эгерде бүгүнкү күнү бийлик башындагылар жакшылап ойлонуп, Улуттук банкты реформалап жана акча реформасын жасабаса, ал эми Улуттук банк азыр элге жасап жаткан кыянаттыгын уланта берсе, Кыргыз мамлекети абдан кооптуу экономикалык депрессияга туш болоору айкын. Карап, байкап кѳргүлөчү, бүгүн банктар ипотека насыяларын токтотуп коюшту, курулуш секторунда каатчылык башталды, ишкерлерг е насыялар кымбаттап кетти, фермерлерге кредиттер кымбат, кийим тигүүчүлѳр рублдин девальвациясынан жабыркады, соода-сатык жана экономикалык активдүүлүүк төмөндөп баратат…

      «Акча системабызды Улуттук банкты реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз»

      Бишкек, 23-ноябрь, 2015 /Дайырбек Мейманов-Кабар/. «Бүгүнкү күндѳ доллардын кымбаттоосу экономикабызда ѳтѳ оор кырдаалды түздү. Ал эми экономикалык кризис ѳлкѳдѳ баардык социалдык ооруларды ырбатып, жумушсуздукту, жакырчылыкты, улуттун саламаттыгынын начарлашын, кылмыштуулуктун, ички жана тышкы миграциянын, каралбаган балдар жана жалгыз калган карылардын кѳбѳйүшүн шарттайт. Мына ушул социалдык дарттардын баардыгы экономикалык системабыздын иштешинен кѳз каранды» -деди «Кабар» агенттигине экономист Кубан Чороев.

      Анын айтымында, экономиканын

Скачать книгу