Скачать книгу

кылабыз, байбиче? – Сарыбай Уларканды карады.

      Бул убакта Кумарбү чыгып кеткен.

      – Келсе келсин, кыз буйругандыкы да.

      – Негизгиси кыздын багын ойлогула, мен аларга өзүмдүн карындашымдын кызы дедим. Кыскасы эртең келише турган конокторду тосууга даярдык көрө бергиле, Кумашты жакшыраак кийинтип койгула, мен барайын, – деп Болотбек турмак болгондо Сарыбай:

      – Байке, отуруп тамак ичип кеткиле, – деди ыңгайсыздана.

      – Жок, убара болбогула, коноктор менен бирге келем, – деп Болотбек болбой кетип калды.

      – Байбиче, эми таза кызык болду го, алар келсе эмне деп жооп айтабыз? – деди кайнагасын узатып кирген Сарыбай.

      – Кыз буйругандыкы, насибинен көрөөрбүз.

      – Кызык, Болсунбектерге эмне дейбиз? Кайнагага айталбай койдум, сыйлаганымдан каяша айтууга оозум барбады, анын үстүнө ал деле биздин кыздын келечек бактысын ойлоп жатпайбы.

      – Кудай деп туралычы, кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту…

      – Ай, билбейм досум менен таарынышып калам го, – деген Сарыбайдын тынчы кетип, эмне кылаарын билбей жатты. Ошол убакта үйгө кирип келген Кумарбү ыйламсырай:

      – Кыз байкуш чоңойгондон кийин үйгө батпай калат тура, деги бардык эле ата-эне кызы чоңойсо ушундай кылат болду бекен? – деди кабак бүркөп, үнү дирилдей.

      – Ээ, сары кызым, ата-эне баласына бакыттан башканы кааламак беле, сени жакшы жерден орун-очок алсын деп жатканыбызда эмне жазык? – деди Сарыбай кызын чекесинен өбө. – Ким гана өз баласына жамандык кааласын?

      – Ата, шашпасаңар деле акыры болот эле го?

      – Ата, эжем күйөөгө кетеби? – деп сурап ийди Мурат сырттан кирип келип.

      – Буйруса күйөө балалуу болобуз, силер жезделүү болосуңар, тиги Өмүрбек кайда жүрөт ыя, андан кийин аны үйлөнтөбүз.

      – Өмүрбек акем эшикте жүрөт.

      – Чакыр бери!

      – Азыр, – деп Мурат жүгүрүп чыгып кетти.

      – Балдар чоңойгондо ата-эненин мойнуна дагы бир чоң милдет тагылат, ал уул-кызын татыктуу жерге орун-очок алдыруу. Кокус жайсыз жерге барып калсаң, биздин жаныбыз ачып кейип-кепчип, жаман абалда калабыз, – деп Сарыбай жай түшүндүрүп жатканда Өмүрбек кирди. – Балам, эшикте эмне жүрөсүң? Кумаш эжең жакында башка үйдүн босогосун аттап кетсе сени үйлөнтөбүз. Кана, менин айтканымды ойлондуңбу? – деп Кумарбүнү койо берип, Өмүрбекти карады.

      – Жезде, мендей жетимге ким тиймек эле?

      – Эмне дейт, биз турбайбызбы? – Сарыбай аны ормойо карап калды. – Сени минтип айтууга ким мажбурлады?

      – Эч ким, өзүңөр деле Кумашты жакшы жерге барсын деп айтып жатасыңар го, элдин баары эле ошондой ойлойт да?

      – Өмүрбек, – деп Уларкан мээримдүү жылмая жанына келди, – сени менин баламсың деп баксам деле болот эле, бирок сиңдимдин арбагын сыйлап, ата-апа дедиртпей өстүрдүм, энесин билип өссүн дедим.

      – Баары бир дечи, мендей жетимди эч ким күйөө бала кылгысы келбейт, мен өзүмчө үй-жай күтүп, адам болмоюнча үйлөнбөйм! –

Скачать книгу