Скачать книгу

туруп, элге шерменде кылбасаңар болду, чырымталынан өз баламдай көрүп баккан бала мага ушул кепти кантип айтты десең…

      – Кабатыр болбо, биз адегенде Өмүрбекке кыз издейли, ал жактырган кыздын ата-энесине астыртан сөз салалы.

      – Ошентпесек Өмүрбектин арманы күч окшойт.

      – Боло берет, али токтоло элек, жаш да.

      Ошону менен эч кимиси үндөбөй калышты. Өмүрбек жана чыгып кеткен бойдон кайра кирбеди, кечки тамакка дагы келген жок. Сарыбайлар кабарын билбей кабатыр болуп, ойлонуп жатышты. Өмүрбек үйдөгүлөр уктагандан кийин келип, түн бир оокумда кирип жатып алды да, таң ата электе кийимин алып чыгып кетти. Эки-үч күндөн кийин Сарыбай Тейитбектин үйүнө барса, ал эшигинин алдында отуруптур.

      – Ас-салоому алейкум, Тейит, ал-акыбал кандай?

      – Келиңиз, жезде, отурам ушинтип, – деп Тейитбек тура калып, Сарыбай менен учурашты. – Келипсиз да акыры…

      – Келдим, Өмүрбек келген жокпу?

      – Келген, кечээ шаарга кетти.

      – Эмнеге?

      – Кайдан билдим, иштейм деди го.

      – Айтып кетсе болмок экен, макул эми, аман болсо болду, анда мен кайтайын.

      – Үйгө кириңиз дейин десем жашоом ушул, жезде, жалгыздык менен өмүр өтүп жатат, – деди башын жерге салган Тейитбек. – Чынаркан менен кошо менин бактым качкан окшойт.

      – Ээ, бажа, сен өлгөндүн артынан өлгөн адамды көрдүң беле, өлгөндүн өзүнүн шору деп койот, тирүү адам жашоосун өзү улантууга тийиш. А сен жеңил экенсиң, андан көрө кеч болуп кала электе өзүңдү колго ал да, адам бол. Балаң болсо бой жетти, үмүтүңдү улаарың бар, ылайыктуу келин-кесек болсо үйлөнүп, Өмүрбекке арка-бел бол!

      – Сиздерге чо-оң ыраазымын, баланы чоңойтуп койдуңар, арбак билет дегени чын болсо апасы дагы ыраазы болуп жаткандыр.

      – Кой эми, менин айтканымды эсиңе ал, акыл үйрөтө тургандай жаш эмессиң, өзүңдүн эс-акылың деле кудайга шүгүр. Мен Өмүрбектин айтпай кетип калганынан улам келгемин. Баса, аны үйлөнтүп койсомбу дегем, ошону айтсам эле үндөбөй койгон, анан эрте туруп кетип калыптыр, – деп атка минди да, жөнөп кетти. Тейитбек аны узата карап туруп, уулунун айткандарын эстеди…

      Өмүрбек мурунку келгенинде Тейитбек ичип алып мас болуп уктап жаткан, ал соолукканча күтүп отурду. Баш көтөрөөрү менен маңдайына келди.

      – Бул эмне деген жатыш, менин атам тирүү туруп, жетимдей бирөөнүн колунда өсүп жатканымды ойлоп койбой жүргөнү бул болсо, мен эмнеге жашап жүрөм?

      – Өмүш, сен… сен келип калдыңбы?

      – Ооба, мени өз баласындай асырап, жетимдин кийимин кийгизбей багып жаткан адамдардын акылын укпай түрмө көрүп келдим, эмнеме эсирдим экен, кимге ишендим? – деп башын мыкчый жанына отуруп алып, көпкө ыйлады.

      – Кечирип кой, уулум, мен мындан ары ичпейм, сен чоңойдуң эми, экөөбүз оокат кылабыз.

      – Ата, сенин туугандарың барбы деги?

      – Эмнеге?

      – Эмнеге-эмнеге деп койосуң, сенин ушул абалыңды алар эч бир көрбөйбү, оңогонго аракет кылып, жардам бербейби? Менден болсо бириң кабар албадыңар, же менин

Скачать книгу