Скачать книгу

деп айтам? – Өмүрбек ага кыжырлуу жылмайды.

      – Сүйгөн кызым бар деп, атам сага айтты эле го?

      – Болбойт, болбойт, такыр болбойт! – деп тура калган Өмүрбек ичип аткан чайын таштап, эшикти көздөй чыгып кетти.

      Жакин менен Кумарбү бири-бирин карап отуруп калышты.

      – Жинди, атам алда качан эле үйлөн деп жүргөн, ошондо эле айтса болмок экен.

      – Айталбаса керек да.

      – Эмнеге айталбайт, атамдар муну тырмактайынан багып келе жатат, Узактан кем көрүшпөйт, кызынын ата-энеси менен атамдар сүйлөшөт эле го.

      – Тартынса керек, аа-а, баса, ал өз иниң эмеспи?

      – Мен чыгайынчы, – деп Кумарбү дагы тура жөнөдү, ал сыртка чыкканда Өмүрбек дарбазанын жанындагы жүзүмдүн түбүндө турган. Жакиндин суроосу жоопсуз калды, Өмүрбектин айтканынан улам Кумарбүнүн жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип кеткен эле. – Өмүрбек, ал кайсы кыз эле, мен тааныймбы? – деди жанына келип.

      – Эмне, табалагың келип турабы, эжекеси? – Өмүрбек ызалуу бурк этти.

      – Сени табалачу мен белем?

      – Күлкүң келээр, табалаарсың, Кумаш, бирок мен бала кезден бир гана кызды сүйөм. Ал мени сүйөбү же сүйбөйбү билбейм, уктуңбу, билбейм!.. – деп жакшы эле оюндагыны айтып келатып, Өмүрбек Жакинди көргөндө кыжырлана ары басып кетти.

      Жакин Кумарбүнүн артынан чыгып келаткан.

      – Эмне болду?

      – Эчтеке, – деп машина келип токтогондо Кумарбү жол жакка басты.

      Сарыбайлар бакылдаша түшүп жаткан. Өмүрбек аларды карап коюп, короодон чыгып кетти. Уларкан менен Фарида орто кызуу, бири-бирин колтукташып, көңүлдөрү куунак. Кумарбү менен Жакин аларды утурлай чыкканда ата-энелер кубанып кетишти. Турат менен Мурат аларга чуркап жетип, машинадагы жүктөрдү тыпылдап үйгө ташып жатышкан эле.

      – Окшошкон садагаң кетейиндер, сүйлөшүштү бекен ыя? – деп акырын Уларканды нукуп койду Фарида.

      – Ким билет, шартты болсо түзүп бердик, – деп Уларкан дагы шыбырай күлүп калды.

      – Уулум, кандай эс алдың? – деди Фарида Жакинге карап.

      – Жакшы, апа, өзүңөр жакшы эс алып келдиңерби?

      – Айтпа, укмуш эс алдык, суунун жээги, арча-кайыңдын арасында жайкалган көпкөк шибер, өзүнчө эле ажайып. Атаң ушундай сулуу жерди көрсөтпөй, бизди түтүнгө ышталган шаарда камап жүргөнүн карасаң, уулум, – деп жадырай күлүп, ээрчише үйгө киришти. Алар киргенде дасторкон даяр эле, кайрадан бака-шака түшүп, отуруп калышты. Ал күнү дагы түн ортосунан оогончо эстен кеткистей конок болушуп, эртеси эрте коштошуп, жолго чыгышты. Конокту узатып коюп, Сарыбай менен Уларкан эс алганы жаңы гана кыңкайганда Болотбектин тойго чакырып жатканын айтып, бир жигит келип калды. Аргасыз колдорунан келгенин айтып, тойго кетишти. Дал ошол күнү Өмүрбек сырттан кирип келе жаткан Кумарбүнү колунан кармап калды.

      – Сага эмне болду?

      – Сен Жакинге күйөөгө чыгасыңбы?

      – Бешенеге буйруганын көрөм, а сен жинди болдуңбу?

      – Ооба, жинди болуп баратам!

      – Эсиңе келчи, түшүндүрүп айтчы деги.

      – Сен мен айтканда түшүнөөр белең? – Өмүрбек Кумарбүнү карыдан кармаган бойдон койо бербей каректерине тигилди. – Түшүнөсүңбү, ыя?!

      – Өмүрбек,

Скачать книгу