Скачать книгу

бири жалпы элдик кыймылдын негизинде бүткөрүлүп, сугат аянттары көбөйө баштады.

      Айрыкча сугат системасындагы бурулуш «Куланак» насостук станциясы менен «Он-Арча» насостук станциясынын биринчи жана экинчи кезектерин бүтүрүүдөн кийин болду. 15 млн. сомдон ашык капиталдык салымдардын жумшалуусу менен бул эки насостук станция райондун «Куланак», Куйбышев атындагы, «Коммунизм», «Эмгекчил» кол хоздорунун бозоруп жаткан талааларын көк жашыл өрөөндөргө айландырды.

      Азыркы багыт Соң-Көлдүн суусун пайдаланууга жумшалууда. Ошентип миңдеген жылдар бою какырап жаткан Кара-Талааны өздөштүрүү үчүн 4,664 млн. сомдук каражат жумшалуу менен Кажырты насостук станциясы курулуп жатат. Бул насостук станция миң гектар кара топурактуу Кара-Талааны өздөштүрүп, тажрыйба станциясына Тянь-Шань мал чарба жана «Жаңы-Талап» колхозуна жаны сугат жерлерди кошот.

      Кийинки кездерде майда ирригацияны пайдалануу, көчмө насостук станцияларды куруу, табигый булактарды пайдалануу иши кызуу жүргүзүлүп жатат. Азыркы кезде 28 көчмө насостук станция иштеп, «Ленинчил жаш» жана «Тешик» деген суу сактоочу көлмөлөр курулууда.

      Райондун сугат аймактарынын кеңейиши менен бирге айыл чарбасынын дүн продукциясы өсүүдө.

      Көрүлгөн бардык чаралар колхоздордун жана совхоздордун жумушчуларынын, адистердин берилип иштешкен зор жумуштары, партиялык, советтик уюмдардын уюштуруучулук иштери, партия менен өкмөттүн күн сайын берген жардамы дыйканчылыктын маданиятын көтөрүүгө мүмкүнчүлүкту түзүп, мурда көчмөн болуп келген тоо айылында жерди агротехникалык жетишкендиктердин негизинде иштөөгө, б. а. илимий дыйканчылыкка багыт алынды.

      Жогорку таблицадан көрүнүп тургандай айдоо аянтты көбөйтүү менен дандын дүн түшуму жогорулай баштады.

      Тармактык жалпы территориялык бөлүштүрүүде Тянь-Шань району республикада мал чарбачылыгын өстүрүү жана анын продукциясын өндүрүүгө багытталган ири район болуп эсептелет. «Ак-Сай», «Арпа», «Соң-Көл», «Кара-Кужур», «Солтон-Сары» сыяктуу атактуу жайыттарга ээ болгон Тянь-Шань районунда 500 миңге жакын койлор, 12 миңден ашык бодо мал, 10 миңден ашык жылкылар өстүрүлөт. Мамлекетке эт, жүн сатуу боюнча республиканын ири райондорунун бири.

      Айыл чарбасынын тармактарын адистештирүүну туура айкалыштыруу айыл чарбасынын бардык системасын өнүктүрүүнү күчөтүүнүн негизин түзөт. Райондо айыл чарба өндүрүшүнүн туура адистештирилиши коомдук эмгекти үнөмдүү пайдаланууга, өндүрүлгөн продукциянын бирдигине аз чыгым жумшоого жана продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мунун өзү, эмгек чыгымдарын жүк ташуудан үнөмдөөнүн, айрыкча айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбасынын тармактарын туура жайгаштыруунун, райондо бул маселелер үчүн ыңгайлуу жаратылыш жана экономикалык шарттардын болушунун натыйжасында жетишилет. Биздин райондун шартында адистештирүү маселелерин үйрөнүү жана киргизүү бардык чарбалардан

Скачать книгу