Скачать книгу

эки колхоз жөнүндөгү эмгектерде райондун калган чарбалары тууралу, жалпы эле Тянь-Шань районунун буткул экономикалык өнүгүшү, социалдык өнүгүүдогу шарттар, айрыкча маданий-тиричилик жагындагы күрдөөлдүү өзгөрүүлөр жөнүндө сөз болгон эмес.

      Ошондуктан бул китепчеде социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылууга, селолук калктын турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүүдөгү жаратылган ийгиликтерге жана райондун алдында турган милдеттерге токтолуу, бул багытта эмгекчилерди тарбиялоодо саясий-идеялык иштердин жолго коюлушу жөнүндө белгилүү өлчөмдө талдоо жүргүзүүгө аракет жасалды.

      Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары жолдош Т. У. Усубалиев «Ленинизм элдердин достугунун жана туугандаштыгынын улуу булагы» деген эмгегинде мындай деп жазат. «Кыргызстандын эмгекчилери закондуу түрдө даңктуу жеңиштердин жана жетишкендиктердин басып өткөн жолуна сыймыктануу менен көз чаптырышат. Социалдык экономикалык жана рухий турмуш жактан 50 жыл ичинде алардын жеңип алгандары чынында да укмуштуудай чоң.

      Биздин республикабыздын ар биринин коомдук өндүрүштүн жана маданияттын белгилүү бир жагынан жетишкен көрүнүктүү ийгиликтери ушул республиканын жумушчуларынын, колхозчуларынын, интеллигенциясынын күжүрмөн эмгегинин гана натыйжасы болбостон, ошону менен бирге бүткул совет элинин биргелешкен эмгегинин да натыйжасы болгонун абдан баса белгилеп кетүү керек. Биздин жалпы ийгиликтерибиз бардык улуттардын жана элдердин эмгекчилеринин социалисттик өз ара жардамдашуусунун аркасында, алардын бузулбас саясий, социалдык-экономикалык жана идеялык жалпылыгынын аркасында мүмкүн болуп олтурат».

      Тоо койнунда жайланышкан Тянь-Шань району нун айыл-кыштактарында Совет бийлигинин жыларында болуп өткөн социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жана маданий жагындагы түп-тамырынан берки кайра куруулар биздин Родинабыздын бардык райондорунда эле кездешүүчү жетишкендиктерден экендиги талашсыз.

      ТОО КОЙНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА МАДАНИЙ КАЙРА КУРУУЛАР

      Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши, адамдарга чыныгы эркиндикти берүү менен ошол эле убакта коомдук мамилелердин бардык системаларын түп-тамырынан бери өзгөртүүнүн башталышы болду.

      Революцияга чейинки Кыргызстандын социалдык түзүлүшү жагынан көп укладдуулугу революциячыл кайра түзүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар татаал проблемаларды койду жана аларды чечүү айыгышкан тап күрөштөрдүн кырдаалында өттү. Кыргызстандагы эксплуататордук таптын басымдуу бөлүгүн түзгөн феодалдар жердин Октябрдын алдында, өндүрүш каражаттарынын дээрлик бут баарын ээлешип, дыйкандар массасы аөосуз эзилип келген. Бул коомдук-социалдык мезгилдеги феодалдык-патриархалдык, структура ар түрдүү урук-туугандык сыяктуу татаал, ар кандай чиелешкен мамилелер революциячыл кайра түзүүлөрдүн өзгөчө кырдаалда өтүшүн шарттаган.

      Совет бийлигинин биринчи

Скачать книгу