Скачать книгу

кулады.

      Маданий революциянын жүрүшүндө социалисттик, чыныгы элдик маданият түзүлдү. Эмгекчилердин миллиондогон массасынын социалисттик аң-сезиминин түзүлүшү маданий революциянын эң улуу жетишкендиги болду.

      Айыл-кыштактын маданиятын жогорулатуудагы жана айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилигин кайра куруудагы негизги факторлор болуп партия менен өкмөттүн акылман жетекчилиги жана күндөлүк камкордугу астында колхоз, совхоздордун экономикасынын тынымсыз өсүшү, коомдук байлыктын барган сайын көбөйүшү, ошонун негизинде эмгекчилердин өздүк доходдорунун кыйшаюусуз өсүшү болуп эсептелет.

      Республиканын айыл чарбасын райондоштуруу боюнча Тянь-Шань району мал чарбачылык зонасына кирет. Бул зона өзүнүн климаттык шарты жагынан мал чарбасын, анын ичинен кой чарбасын өстүрүүгө, ал үчүн мол тоют топтоого ынгайлуу. Райондун чарбаларына 804424 гектар жер аянты бекитилген. Структуралык жагынан: 26780 гектары айдоо аянтка, 517256 гектары жайыттарга, 5713 гектары чөп чабындыларга тийиштүү.

      Мал чарбачылыгынын ичинен, жогоруда белги ленгендей кой чарбасына басымдуу экономикалык орун таандык. Партиялык, советтик органдардын, коммунисттердин, комсомолдордун, колхозчулардын, совхоздордун жумушчуларынын зор демилгеси менен жетишилген ийгиликтер райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө мүмкүндүк түздү.

      Азыркы этаптагы айыл чарбасынын өсүшү, партиянын ХХѴ съездинин, КПСС Борбордук Комитетинин андан кийинки Пленумдарынын чечимдерин турмушка ашыруу үчүн жүргүзүлгөн уюштуруучулук жана саясий иштер, ири экономикалык иш-чаралар айыл чарба өндүрүшүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, коомдук өндүрүштүн өсүшү учун чарбалардын, айыл-кыштак эмгекчилеринин кызыкчылыгын, демилгелерин арттырууга көмекчу болду.

      Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн жыл сайын капиталдык салым- дар көп жумшалып жатат. Колхоз-совхоздор тракторлор жана транспорт каражаттары, жер семирткичтер, уу химикаттар, гербидциттер менен талап кылынган өлчөмдө камсыз кылынып жатат.

      Район Нарын дарыясынын боюна жайланышканына карабастан суу баскан аянт өтө аз болуп, жаратылыштын «ырайымын» гана күтүүгө туура келген. Жерди сугаруу боюнча кеңири кулач жай ган иштер жүргүзүлүп, боз топурак болуп жаткан жерлер өздөштүрүлүүдө.

      Куйбышев атындагы колхоздун ветераны 1921-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 83 жаштагы карыя Борсунбаев Жунус мындайча эскерет: «1930-жылдары колхоздоштуруунун алгачкы мезгили баш- талды. Алды менен ТОЗго биригиштик. Анда биздеги болгон байлык 150гө жакын теше жер, 50 куч ат, 15—20 тѳѳ, миңге чукул кой-эчки болгон. Буурусун менен айдап, ага кол менен үрөн сээп, маласын чычырканак менен тартучубуз. Ырас, ал кезде жерди жөндөп иштетүүнү билбеген, жаратылыштан гана «ырайым» күткөн дыйкандарыбыз азыркы учурда мол түшүм өстүрүүнүн устаттары болуп чыга келишти. Эзели суу көрбөй бозоруп жаткан миңдеген гектар жер аянттары кулпурган

Скачать книгу