Скачать книгу

жаткан экономикалык өнүгүүгө, жалаң эле материалдык шарттарга таасир этпестен, социалисттик коомдун маданияты- нын бардык спецификалык өзгөчөлүгүнө, өткөндүн, учурдун жана келечектин диалектикалык байланышы катары каралат.

      Социалисттик коом, – деп көрсөткөн В. И. Ленин коомдун бардык мүчөлөрүнүн толук жыргалчылыгын жана алардын эркин өнүгүшүн камсыз кылат. Социализмдин тушунда керектөө байлыктарын өстүрүү, мунун ичинде материалдык байлыкты өстүрүү эч бир максатсыз эле ишке ашырыла бербейт.

      Өнүккөн социалисттик коомго, жалаң гана эко- номиканын жогору болушу эмес, анда жетилген социалдык-саясий мамилелер, аң-сезимдүүлүктүн жогорку деңгээли, илимдин, маданияттын, турмуш-тиричиликтин ар тараптан гүлдөп өсүшү да мүнөздүү. Ошондуктан Совет адамдарынын аң-сезиминдеги, турмуш-тиричилигиндеги өткөндүн калдыктары, саркындылары менен келишпес күрөш жүргүзүү партиялык, советтик, чарбалык жана коомдук уюмдардын биринчи баскычтагы маанилүү милдеттери болуп саналат. Бул өтө маанилүү, актуалдуу проблемалык милдеттерди учурунда чечүү коммунисттердин, комсомол жаштардын, активисттердин, интеллигенттердин күчтөрүн бириктирүү менен гана жүзөгө ашырууга болот.

      Айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын жогорулатууда, калк жашаган пункттарды бүгүнкү күндөгү тейлөөнүн талабына карата ынңгайлаштырууда, жашоонун шартын жакшыртууда, эмгекчилердин эмгектенүүсүн, эс алуусун уюштурууда, адамдардын аң-сезиминдеги жана жүрүш- турушундагы өткөндүн калдыктарын, саркындыларын жоюуда Тянь-Шань районунда бир кыйла тажрыйбалар топтолгон.

      Бул китепчеде деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик турган тоо арасындагы райондун эмгекчилеринин социалдык турмушунда, маданиятында болуп өткөн ири өзгөрүүлөр жөнүндө, турмуштун социалисттик образынын орношу жөнүндө сөз болот.

      Бул брошюрада айылдык турмуштун бардык чөйрөсүн кайра куруунун негизги факторлору: эко- номиканы өнүктүрүү, соода, медициналык жактан айылдык эмгекчилерди тейлөөнүн, маданий агартуу мекемелеринин иштеринин деңгээлин жогорулатуу, калктын турмушуна жаңы салттарды киргизүү, айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүү боюнча партиялык, коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери баяндалат.

      Совет коомунун өнүгүшүнүн азыркы этабында коммунисттик партиянын жетекчи ролу өсүп жаткандыгы мүнөздүү. Ошондуктан жергиликтүү партиялык иштин күндөлүк практикасын үйрөнүү, жыйынтыктоо, илимий анализ берүү менен алдынкы, пайдалуу тажрыйбаларды жайылтуу объективдүү зарылчылык болуп саналат. КПСС Борбордук Комитетинин Генеральный секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели жолдош Л. И. Брежневдин тарыхый зор мааниси бар «Кичи жер», «Кайра жаралуу», «Дын жер» деген эмгектери, айыл-кыштактагы социалдык өзгерүүлөрдү, партиялык иштин негизги участогу болгон райондун экономикасын, эмгекчилердин турмуш-тиричилигин, маданиятын жогорулатууда жүргүзүлгөн жумуштарды изилдеп

Скачать книгу