Скачать книгу

өзүң алыстан карап, эмне жасап жаткандыгыңды байкап көр. Азыркы акыбалыңды оболу кабыл ал, андан кийин башкача жасоого өт.

      Китептин кээ бир жерин кайталап окуу “жан дүйнөнү тазалоого, өзгөртүү киргизүүгө” жардам берет.

      Сөздөрдүн кайталанышы “жан дүйнөнү тазалап, ар бир адамды өзү түзгөн программадан жана өзүнө жакпаган дүйнөдөн, жашоонун жаңы барагына, жеңил, кубанып жашоо ыргагына өткөрөт”. Өзүңдүн акыбалыңды кантип жасап алгандыгыңды түшүндүрөт. Албетте, бул нерсени өзү түшүнүп, турмуштук тажрыйбаңдан өткөрө билсең.

      Ошондуктан, “өзүң менен өзүң иштөө, ар бир нерсени терең түшүнүүгө жол ачып, дененин эркин, ден соолукта жашоосуна жол ачат.

      Көнүмүш күнүмдүк жашоодогу ойду өзгөртүү өтө орчундуу маселе. Ага ар бир адам өзү күбө.

      Бул китепти “кумир” тутуп жогору көтөрүүнүн же кемсинтүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, ар бир адам өз тажрыйбасынан алынган маалымат менен түшүндүрүп жазат. Жолдор ар түрдүү, бирок негизги жол бирөө. Ошондуктан ар ким ар кандай жол менен өзүн өзү таанып, жан дүйнөсүн тазалап жарыкка чыгарат, аң сзиминин деңгээлин жогору көтөрөт. Өзүнүн ким экендигин терең түшүнөт. Жашоонун маңызына маани берет. Жыйынтыгында адам денеси баардык жаралуулар менен тыгыз байланышта экендигин түшүнүп, өзүн бирөөдөн жогору же төмөн коюу эмнеге алып келээрин түшүнөт. Тең салмактуулукта, нетралдуулукта болуунун эмне үчүн керектигин түшүнөт.

      Ошондуктан өзүңдү же башкаларды “кумир тутуу”– бул өз денеңди өзүң талкалоо менен барабар, себеби, башка дүйнөлөр менен болгон байланышың бузулат, жыйынтыгында ден соолугуңа өзүң зыян кыласың. Себеби, бир кана өзүңдү өзүң баарынан өйдө коюу– бул өз денеңди – таарынтуу экендиги анык. Ар бир айтылган сөз, ойлогон ой кайсыл башаттан чыкты, анын жашоодо өмүр сүрүшү ошол кана адамга таандык жана ал адамга түбөлүктүү кызмат кылат, б.а. “эмнени эксең ошону кана аласың”, ”эмнени Ааламга жөнөтсөң, ошол кана нерсе көбөйүп өзүңө кайтып келет”.

      Ошондуктан менин жазган эмгегим мага да, окуган окурмандарымда да пайдалуу жагын тийгизээрин ниет кылам.

      Жаралган чыгарманы суугарып, жашоосуна жашоо улап, өмүр бере турган бир кана жаратуучу, ошол эмгектин ээси экендигин түшүнөм, себеби баардык нерсе энергиядан турат. Бирок, ар бир нерсени тамактандырып, өркүндөтүп, жаңылап туруу үчүн турмуштук тажрыйба керек. Менин турмуштук тажрыйбам “мен өзүм үчүн кана” басып өткөн жол. Ар кимдин баскан жолу ар кандай. Ошондуктан бул китепти окуган адам өзү каалаган керектүү, пайдалуу жагын кана алып калган жагын каалагандай түшүнсө болот. Ар бир адамдын, өнүгүү, өсүү жолу ар кандай. Каала макта, каала, ушакта, сында, ал сенин өнүгүү деңгээлиң. Кандай түшүнсөң ошондой жыйынтык аласың. А мен болгону билгендеримди окурмандар менен бөлүшкүм келди. Керектүүсүн пайдалан.

      Мен дагы көп адамдардын турмуштук тажрыйбасынан пайдаланам, колдоном. Албетте, ыраазылык билдирем, ашыкча кетсем, кечирим суроо менен өзүмдүн, дүйнөмдүн өнүгүү, өсүү жагына пайдаланып, ниет кылып жашап жатам. Кимдердин турмуш жолу, эмгеги менен тааныштым, тажрыйбасын

Скачать книгу