Скачать книгу

жарды үй-бүлөдөн. Андай баатырлар эл ичинде өтө аз төрөлүп, өтө аз чыгат. Ал калыс журттун тагдырын ойлогон, акылман, чечен, баатыр адам болчу. Колунда болгон байлыгын жардыларга таратып бере берген. Эл башкарууга ылайыктуу адам болуп, жаштайынан эле калайыктын камын көздөп жүргөн. Ал каза болгон ажонун биринчи кеңешчиси болуп, ажо баардык ишин анын айтканындай аткарып жүргөн.

      Карыялар:

      – Кагылайын журт эл тербип турганда багыбыз бар экен.

      – Рыска конду туура конду.

      – Ал элдин камын ойлогон баатыр жигит.

      – Мындай баатырларыбыз турганда элибиз кор болбойт.

      – Өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коёт.

      – Эми Рысты хан көтөрүп, Рысхан атайлы.

      – Жаштар дуулдап кыйкырып жатышты.

      – Биздин ханыбыз Рысхан!

      – Рысхан!

      – Рысхан!

      – Рысхан!

      Рысхан деген ат тээ обого теребелге бобу ачык ай-талаага тиги аркы карагай жыш өскөн жылгага чакырык болуп таралып жатты.

      Ошентип журт Рысты хан көтөрүп, Рысхан деп, аташты. Жараткандын буйругу экен Рыс элге хан болуп калды. Кыргыздын кырк уруусу биригип баягы баскынчы кара кытай, калмак, манжуларга тең ата болуп, аларга эркиндигин алдырбады. Рысхан жаңы алтымыштан ашкан. Ал ары акылман, ары аяр, ары чечен көрүнүктүү аскер башы эле. Кыргыз элинин биримдигин чыңап, башка элдер менен тең ата жашап турду.

      Карыя улама-санжырасын эң жакшы аяктады. Бул уламаны ал бирөөдөн укса керек ошол үчүн бизге жакшы айтып бербедиби. Мен аны толуктап туруп башкалар окусун деп кагазга түшүрүп койгом.

      ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УЧУРУ

      Айланасы өтө бийик эмес жапыз тоолор, чычкан жөргөлөп өтө алгыс калың токой, көпчүлүгү кызыл карагай, эмен алардын арасында ар кандай бадалдар жер жемиштер. Тээ арыда улуу дайра алтын казык жылдызына карай, суусун жарга уруп, атам замандан бери агып жатат. Касиеттүү ата-бабабыз мекендеген дайранын жээгинде улуу токой соккон шамалга бой керип, сеңселе кыймылдайт. Токойдун арасы ар кандай илбеесин жан-жаныбарларга жык толгон. Бул жерге кышкысын кар калың жаап, жайкысын бир топ эле салкын тартат. Кечке чейин сайраган канаттуулардын үнү басылбай, кереметтүү кайрыктары кайра эленет. Ал эми күкүктүн, булбулдун андан башка түркүн канаттуулардын үнү бирде бул жерден, бирде тигил жерден чыгып, жашоонун өлбөс элесин тартуулайт. Бул жердин адамдарынын бойлору узун келбеттүү, сары чачтуу, кызыл жүздүү, көздөрү көгүш эле. Ошол үчүн аларды «Кызыл жүздүүлөр» деп атап алышкан. Алар токойдун арасында бир жерден экинчи жерге малын айдап, көчүп жүрүшөт жана токойдун арасына кирип кас элден коргонушат. Жана токойго жашынып душмандарына кол салып, чабуул коюп, бат эле майкандап жок кылып, качып кетишчү экен. Курч балта, араалары менен келиштирип жыгачтан үй салып алышат,

      Тээ тетиги токойлуу тоонун бери жагындагы аймак ушул жердин бийлөөчүсү Олобектин андан ары Единал, Алдиер жана башкалардыкы. Ал жердеги кыргыздар ушул мекен коргоор баатырлары менен сыймыктанышат.

      Береги жайыктан бир топ атчандар чыгышты. Алар буудандарын камчылана катуу таскак менен алгалайт. Жолочулардын минген аргымактары өтө чымыр жана

Скачать книгу