Скачать книгу

КЫРГЫЗ ТААНУУ

АЛГЫ СӨЗ

Кыргыз таануу, жалпы жонунан айтканда, кыргыз элинин тарыхын, тилин, материалдык жана руханий маданиятын изилдөөчү дисциплиналар аралык тармак болуп саналат. Кыргыз таануу тармагындагы изилдѳѳлѳр Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдө да ургалдуу жүргүзүлүп келүүдѳ. Кыргыз таанууга өзгөчө көңүл бурган ѳлкѳлѳрдүн бири Түркия болуп саналат. Анадолу жана Теңир-Тоо калктары боордош болгондуктан кыргыздар менен түрктѳрдүн ортосундагы мамилелер орто кылымдардан баштап эле түзүлгөн. Кыргыздардын Анадолудагы издери менен огуздардын Кыргызстандагы издери мунун ачык далили десек жаңылышпайбыз. Түркияда кыргыздар боюнча изилдѳѳлѳр Осмон дѳѳлѳтү доорунун соӊунда жасала баштаган. Түркия Республикасы курулгандан кийин бул жаатта жарыяланган материалдардын саны кѳбѳйгѳн.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болоору менен Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз байланыш түзүлгөнү баарыбызга маалым. Эки өлкөнүн ортосундагы илим, билим тармагындагы кызматташтык Түркияда кыргыз таануу тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Ошентип 1990-жылдары Түркияда кыргыз таануу жаатында жазылган эмгектердин саны кескин өскөн.

Кыргызстан-Түркия мамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жылга чукулдап калганына карабастан, Түркияда кыргыз таануу жаатында кимдер тарабынан кандай эмгектердин жазылганы тууралуу кыргыз коомчулугу жакшы кабардар эмес. Анткени Түркиядагы кыргыз таанууну чагылдырган материалдар Кыргызстанда аз санда жарыяланган. Аталган темада кыргыз коомчулугуна жеткен материалдардын негизгилери төмөнкүлөр болуп саналат:

Проф. Анварбек Мокеев Магзуни тарабынан жазылган Кудаяр хандын тарыхы боюнча эмгекти Стамбулдагы китепканадан таап чыгып, кыргыз коомчулугуна тааныткандан кийин,1 аты аталган эмгек Кыргызстанда китеп катары басылып чыккан жана ал боюнча кѳптѳгѳн изилдѳѳлѳр жүргүзүлгѳн. Проф. Тынчтыкбек Чоротегин Махмуд Кашгари Барсганинин сѳздүгүнүн Түркияда кантип табылганын жана ал боюнча түркчѳ кандай изилдѳѳлѳрдүн жасалганын 2017-жылы жарыялаган эмгегинде кенен чагылдырган.2 Түркияда кыргыз тарыхынын изилденүү деңгээли боюнча Кыргызстанда магистрдик диссертация корголуп, макала жарыяланган.3 Осмон дөөлөтүнүн кыргыздар менен мамилелери боюнча Роза Абдыкулованын эмгектери жарык көргөн.4 Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова «Түрк тил коомунун» китепканасынан Бука уулунун сөздүгүн таап, ал боюнча кыргыз коомчулугун кабардар кылган.5 Ошондой эле Жумакунова Түркиянын Бурса шаарында 2013-жылы өткөрүлгөн кыргыз-түрк мамилелери боюнча симпозиумда окулган докладдарды эки тилде (кыргызча, түркчө) жарыялап, кыргыз таанууга чоӊ салымын кошкон.6 Кыргыз илимпозу Сулайман Кайыпов Памирден Түркияга көчүп келген кыргыздар боюнча Кыргызстанда доктордук диссертация жактап, көлөмдүү эмгектер жарыялаган.7 Ош шаарында Имам Серахси боюнча өткөрүлгөн эл аралык симпозиум, ал аалым жана анын эмгектери боюнча Түркияда болгон маалыматтардын кыргыз коомчулугуна жетишине себепкер болгон.8 2014-жылы Анкара шаарында кыргызча жана түркчө басылып чыккан «Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары (1992-2012)» аттуу эмгек Түркияда кыргыз таануу жаатында даярдалган диссертацияларды чагылдырган. 9

Жогорудагы эмгектерден байкалып тургандай эле, кыргыз таануу тармагында Түркияда жазылган илимий эмгектерди ар тараптан иликтеп, бирдиктүү чагылдырган эмгек алиге дейре жазыла элек болчу. Түркияда кыргыз таануу жаатында кимдер тарабынан кандай эмгектердин жазылганы жана Түркиядагы кыргыз таануунун абалы тууралуу кыргыз илим дүйнөсүн, ошондой эле жалпы кыргыз коомчулугун жакшылап кабардар кылуу үчүн, андай эмгекке муктаждык бар экенин көрүп, колуңуздардагы китепти даярдадык.

«Түркияда кыргыз таануу» аттуу ушул китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө Түркияда кыргыз таануу тармагында жазылган эмгектер тууралуу макалалар берилди. Алардын арасында «Евразия жазуучулар биримдигинин» кыргыз таанууга кошкон салымын, кыргыз тили боюнча Түркияда корголгон диссертацияларды, кыргыз тарыхы тууралуу монографияларды жана кыргыз акын-жазуучуларынын 1990-жылдан кийин түрк тилине которулган чыгармаларын чагылдырган макалалар бар. Баса белгилей кетчү нерсе, ушул бөлүмдө Проф. Жээнбековдун кыргыз таануу тармагынын жаралышы жана изилдөө багыттары боюнча макаласын окуй аласыздар.

Китептин экинчи бөлүмүндө Түркияда кыргыз таанууга салым кошкон илимпоздор тууралуу макалалар орун алды. Түркияда кыргыз таануунун калыптанышына салым кошкон илимпоз Проф. Абдулкадир Инан, өз эмгектеринде кыргыздарга өзгөчө орун берген тарыхчы Проф. Бахаеддин Өгел жана улуу муундагы кыргыз таануучулардын уучун улап келе жаткан замандаш илимпоз Проф. Нажийе Йылдыз тууралуу макалаларды ушул бөлүмдөн окуй аласыздар.

Китептин үчүнчү бөлүмү Түркияда «Манас» эпосу бoюнча жазылган эмгeктeрдин жана Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынын библиографиясынан түзүлдү. Түрк калкынын Айтматовдун китептерин барктап окугандыгын жана түрк илимпоздорунун

Скачать книгу

1

Анварбек Мокеев. Новый источник по истории Кокандского ханства // Диалог цивилизаций. Декабрь 2002. С. 24-26.

2

Тынчтыкбек Чоротегин, Махмуд Кашгари Барсканинин эмгеги- көөнөрбөс булак, Мурас фонду, Кыргыз тарых коому, Бишкек: Турар басмасы, 2017, 376 б.

3

Айпери Моңолдор кызы. «Түрк Тарыхнаамасында Кыргыздар». Магистрдик диссертация. Кыргыз-түрк Манас университети Коомдук илимдер институту. Бишкек 2018. 170 б.; Айпери Моңолдор кызы. Түркияда кыргыздардын тарыхын изилдѳѳнүн башаты // Наука, новые технологии и инновация Кыргызстана. № 1, 2017, 173-176-б.

4

Роза Абдыкулова. Түркстан хандыктары менен Осмон мамлекетинин байланыштары султандык архив документтеринде (XIX к. экинчи жарымы XX к. башы). Бишкек: Кыргыз-Түрк «Манас» университети басылмалары, 2014, 260 б.

5

Гүлзура Жумакунова. Түрк лексикографиясынын тарыхынан (Түрк сөздүктөрүндө илимий принциптердин калыптанышы). Жооптуу редактор Б.Ө. Орузбаева. Бишкек: Илим, 2009. б. 55-61; Гүлзура Жумакунова. XIX кылымда бир кыргыз жигити даярдаган «Кыргыз сөздүгү» Түркиядан табылды // Kыргыз Туусу, 2009, 13 февраль, №10, 10-б.; № 11, 10-б.

6

1-Эл аралык байыртадан бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары. Басмага даярдаган жана редактор Гүлзура Жумакунова. Бурса: Улудаг университети жарыялары. 2017. 466 б.

7

Сулайман Кайыпов. Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты (XX к. аягы – XXI к. башы). Докторлук диссертация. Бишкек, 2013.

8

АГИде Ханафи мазхабы жана Имам Серахсинин Ханафиликтеги орду деген темада конференция болду // Ош мамлекеттик университети. https://www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=78&id2=2124, (Алынган датасы: 04.08.2019); Асилбек Алиев, Зайлабидин Ажимаматов, Великий провавед эпохи Караханидов (жизнь и творчество ал-Серахси) // Ош мамлекеттик университети Теология факультетинин илимий журналы. 12-сан. 2007. б 33-38; Салих Туг. Имам Серахсинин абактагы жашоосу (анын илимий эмгектериндеги малыматтар боюнча) // Ош мамлекеттик университети Теология факультетинин илимий журналы. 12-сан, 2007, 135-143-б.

9

Гүлдана Мурзакулова, Абдрасул Исаков, Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары (1992-2012). Редактор Гүлзура Жумакунова. Анкара 2014. 58+53 б.