Скачать книгу

оорутуп алды. Ооруканага алып барышты эле андан борборго жөнөттү. Гүлбахар жылдап ооруканада жатып калды, өзүнөн кийинки сиңдиси Фатима да бой жетип көзгө көрүнүп калган. Гүлбахарды медучилищага окутуп коюшкан. Ал окуп жүргөндө ага Каримдин ата-энеси куда түшмөк болуп чакыртып алышты, ошентип ал сүйлөшпөй этпей эле турмушка чыкты. Карим үйлөнгөндө муздак болуп ошол бойдон муздак, салкын мамиле жасап Гүлбахарды бир жылмайып карабады. Экөө жаш жубайлардай күлүп-жайнап ойноп күлбөдү… Ушуларды ойлонуп отуруп кеч жатты. Көңүлү уйгу-туйгу, бала эсинен кетпей улам эле болпойгон наристе көз алдына тартыла берди. Эртеси отпускага чыкканына карабай жумушуна келди, ал башкы дарыгерге кирээри менен эле:

      – Гуля, келгениң жакшы болду, баланы алып кете бер, эгерде ата-энеси табылса көрөбүз, – деди.

      – Макул агай, менин дарегимди милицияларга берип коесуз да.

      – Албетте, аз күн болсо дагы баланы жакшы кароо керек, камкордук керек балага, баарын текшердик, денсоолугу жакшы.

      – Түшүнөм агай, анда мен бара берейин.

      – Бара гой, жакшы эс ал.

      – Рахмат, – деди да башкы дарыгердин кабинетинен чыгып түз эле бала жаткан палатага кирди.

      – Эмне болду, алып кете турган болдуңбу? – Назира суроолуу карады.

      – Ооба, – деп Гүлбахар кубанычтуу жылмайды.

      – Эч кимиси келбесе кандай болот, бага бересиңби?

      – Эмнеге бакпайм, бала кылып алам, – деп Гүлбахар наристени колуна алып бооруна кысты, – Мага бала болосуң ээ балам?

      – Күйөөңө айттыңбы?

      – Ооба.

      – Эмне дейт?

      – Эчтеке, өзүң бил дейт.

      – Жакшы болуптур, жолуң болсун эми, отпусканы бала менен өткөрө турган болдуң, – Назира күлүп аны кабинеттен узата чыгып кала берди. Үйүнө келе жатып эле наристеге бир сыйра кийим-кече алды, сүт менен упчу алып анан келди. Сүйкүмдүү наристе чоочуркап жатып көнө түштү. Күнү-түнү койнуна алып жатып, үнү чыкса эле уйкусунан ойгонуп карай калат. Эки жума дегенде ал өзү иштеген жерге барды, башкы дарыгер жакшы кабыл алып:

      – Баланын абалы кандай? – деди туруп келип наристени карап жылмая.

      – Жакшы.

      – Ыйлаак эмес бекен?

      – Жоош эле…

      – Азамат, сен бир адамды асырап калдың.

      – Агай, ата-энесинен дайын жокпу?

      – Жок, болсо сөзсүз айтабыз.

      – Эмне кылам, аты жөнү жок жүрө береби?

      – Жок-жок, эки жумага чейин табылбаса өзүңө энчиктеп алууңа болот, керектүү кагаздарды толтуруп беребиз, күбөлүк алганыңа, – деди башкы дарыгер.

      – Макул агай, – Гүлбахар баланы көтөрө кабинеттен чыгып бирге иштеген медсестраларга кирип көпкө отурду, ар кимиси ала коюп баланы эркелетип Гүлбахарды тамашалап жатышты, көптөн кийин үйүнө келди, келсе Карим үйдө экен.

      – Бала деп мага көңүл бурбай да калдың, деги сага ошол талаадан табылган неме керекпи же менби? – Үңүрөйө карады.

      Өзү да врач, башка клиникада иштечү, болгон окуяны угуп келген экен.

      – Сен качантан бери менин көңүлүмдү

Скачать книгу