ТОП просматриваемых книг сайта:
Өч алуунун аягы. Айгүл ШАРШЕН
Читать онлайн.Название Өч алуунун аягы
Год выпуска 2002
isbn
Автор произведения Айгүл ШАРШЕН
Издательство ЛитРес: Самиздат
Гүлбахар кирип эле бүк түшүп жатып калды, сырттан кирген Карим унчукпай отуруп калды, ал ушул учурда гана сезгендей болду эне-баланын сүйүүсүн, аялына боору ооруду, күнөө өзүндө туруп чындыкты айтуудан тайсалдап куру намыска жеңдирип жүргөнүн: «Ачык айтсам бекен, мен муну эмнеге кармап жүрөм, жүрөк сүйгөн адамыма жетпей калганым үчүн бул күнөөлүү эмес го, мен адам эмесмин, бир адамды гүлдөй соолутуп жатам, кудай алдында мен өз күнөөмдү мойнума алышым керек», – деп ойлогону менен көөдөнүндө бир үн аны кайраттантып: «Жок, ал сыр өзүң менен кетүүгө тийиш, билбеген бойдон калганы жакшы», – деди да туруп кетти, ал өзүн алаксытуу үчүн, көңүлүн ачуу үчүн баягы келинге бармак болуп үйдөн чыкты. Гүлбахарды сооротуп бир жылуу сөз айтып жанында болууну ойлободу. Ал кетээри менен Бекзат келди, ыйлап жатып уктап калган Гүлбахар эшик ачылганда ойгонуп кетти:
– Оо жеңе, уктап жаттыңыз беле?
– Ооба, Карим кана?
– Билбейм, үйдө беле?
– Ооба, сыртта жок бекен?
– Жок.
– Кел-кел, – Гүлбахар сыртка күүгүм кирип калганын терезенин караңгылап калганынан билип жоолугун оңдой салынып ордунан турду.
– Ушу акем сизди чанып жүрөт го, жеңе.
– Ошентсе кана, мага уруксат бергени жакшы эле.
– Ийи?
– Деги тажап кеттим, айтпай этпей жоголуп кетет.
– Балаңар кана?
– Алып кетти.
– Туура кылыпсыңар, бир сартты бага бербей.
– Койсоңчу, сартпы башкабы, бала деген бала да.
– Ошентсе да…
Конец ознакомительного фрагмента.
Текст предоставлен ООО «ЛитРес».
Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.
Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.